Ысык-Ата районунда ата-бала айылдашынан опузалап акча талап кылышкан

Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата РИИБге арыз менен 1986-жылы туулган М.А. кайрылып, физикалык күч колдонуу менен 2000 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.

Бул факт Чүй ОИИББге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде көрсөтүлгөн (опузалап талап кылуу) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылган сумманы алуу учурунда шектүү катары 2002-жылы туулган Л.Ш., 2004-жылы туулган А.И. жана 1976-жылы туулган Л.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун Тергөө судьясынын токтомунун негизинде кармалган жарандар 1976-жылы туулган Л.Ш., 2002-жылы туулган Л.Ш. карата камакка алуу түрүндөгү жана 2002-жылы туулган А.И. башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чаралары тандалган.