Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды


Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кадамжай районундагы Жийделик жайкы эс алуу жайына жайкы сезондо канчалаган адамдар келип, дем алганы көлгө түшүп эс алып кетишет.

2023-жылдын 6-июль күнү Баткен ОИИБдин кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун сактоо жана коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында кызматтык милдеттерин Жийделик көлүнүн айланасында аткарып жүрүп, сууга чөгүп бараткан кишини байкап калат.

“Көлдөгү атайын куткаруучулар сууга чөгүп жаткан кишини куткармакчы болуп, бирок алы жетпей баратканын көргөн Баткен ОИИБдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционери милициянын улук сержанты Астанов Расулжан сууга чөккөн жаранды куткарып чыккан.
Куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы Алибаев Исраил экендиги белгилүү болуп, ал милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
Милициянын улук сержанты Астанов Расулжан Кыргыз Республикасынын ИИОда төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыркы жылы да ушул көлмөдө кызмат өтөп жүрүп бир жаранды сууга чөккөн жеринен куткарып калган”, – деп айтылат маалыматта.