Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-июль күнү саат 20:20 чамасында, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 кызматтык номуруна Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн.


Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

“Окуя болгон жерге Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам тергөө тобу менен барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурунда аталган жансыз дененин өздүгү такталып, ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. экендиги аныкталган. Ошондой эле окуя болгон жер Таштемир-Ажы базарынын күн чыгыш тарабындагы Сухой-Сай тилкесинде, тагыраагы маркумдун жансыз денесинин жаткан жери эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон
“, – деп айтылат маалыматта.


Ошол эле күнү Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалды.
Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.