Жалал-Абадда ишкерди опузалагандар кармалды

Жалал-Абад облусунда ишкерден опузалап акча алган эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, май айында милицияга криминалдык элементтер ишкерлерди опузалап, коркутуулар болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгилүү болгондой, апрель айынын аягында Жалал-Абадда бир нече адам ишкерге күч колдонуп, анын «Лексус» унаасына салып, ээн жерге алып барышкан. Алар ишкерди коркутуп, андан акча опузалаган. Алгач алар 12 миң доллар акча талап кылышкан. Кийинчерээк жабырлануучуну өздөрүнүн эсебине 630 миң рублдан ашык акчаны которууга аргасыз кылышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, шектүүлөр Ош облусунун Ноокат районунан колго түшүрүлгөн. Кармалган эки шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну болушат.

Алардын бири — 37 жаштагы Э.М. (аты-жөнүн өзгөрткөн К.М.) аттуу жаран. Ал мурда Россияда тоноо жана опузалап талап кылуу фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Экинчи шектүү — 28 жаштагы Т.Б. аттуу жаран. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кыргызстанда жана Россияда мал уурулук, каракчылык, опузалап талап кылуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Шектүүлөр эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.

«Ички иштер министрлиги бизнести коргоо жана ишкерлер алардын ишмердүүлүгү корголгондугун сезиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо. Бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн коопсуздугун, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмышкерлерден коргоо маселелеринде укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуусу керек», — деп билдирет министрлик.