Бишкекте салондун ээсин опузалап, пара алып келген милиция кызматкери кармалды

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги укалоо салондорунун биринин ээсин ар дайым опузалап, акча каражатын алып келген Ленин РИИБдин ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүсү С.О. кармалды. Ал эки жыл бою салонунун үстүнөн калкалоосу үчүн айына 4 миң сомдон алып жүргөн. Андан сырткары, 2021-жылдын ноябрь айында милиция кызматкери коркутуу жолу менен аталган салондун ээсинен 3 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул акча каражаттар ай сайын “О деньги” электрондук капчык аркылуу которулуп турган. Ал терминалдардын биринде 5 миң сом акча каражатын алуу учурунда кармалды.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара алуу”) менен кылмыш иши козголду.

Белгиленгендей, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат.

u 1 Бишкекте салондун ээсин опузалап, пара алып келген милиция кызматкери кармалды
u 3 Бишкекте салондун ээсин опузалап, пара алып келген милиция кызматкери кармалды