Тамчыдагы аэропорттун күтүү залын суу каптады 

Социалдык тармактарда Тамчыдагы «Ысык-Көл» аба майданынын имаратынын чатырынан жамгырдын суусу агып жаткан видео тарады.

«Бирде тосмосу кулап, эми минтип үстүнөн жамгыр аккан чыры бүтпөс Тамчы аэропорту. Уят, эң эле уят»,”Чет элден элдер келишет, жакшылап карасаңар боло”,- деп жазышууда соцтармак колдонуучулары.

«Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди.

«6-июлда мөндүр аралаш нөшөрлөп жамгыр жааганда жаандын саркынды суусу аккан түтүктөр толуп калып, мындан улам аэропрттун күтүү залын суу каптаган. Мүчүлүштүк жарым сааттын ичинде жөнгө салынды. Учурда аба майдан штаттык режимде иштеп жатат, каттамдар кармалган жок»,-деп айтылат маалыматта.