Орозайым Нарматова БШКны сотко бербейт

Орозайым Нарматова БШКнын анын мандатын жокко чыгарган чечимин сотко бербейт. Нарматова мунун себебин сот адилеттигине ишенбей тургандыгы менен түшүндүргөн.

Ал анын мандатын мыйзамсыз тартып алышкан деп эсептейт.

Белгилей кетсек, 20-январда БШКнын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарылган.

Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.