Зайнидин Курманов: Демократиялык мамлекетти түзөбүз деп жатып, бюрократиялык жана олигархтык мамлекетти түзүп алдык

Азык-түлүккө, күйүүчү майга, курулуш материалдарына болгон баалардын өсүп жатышы коомдо эртели-кеч нааразычылыктарды жаратары талашсыз. Коңшу Казакстан республикасында чыккан тополоң да баанын өсүшүнөн келип болду. Кыш чыгары менен кыргызстандыктар да коңшулардай көтөрүлүп чыгышы мүмкүн эмеспи? Өлкөдөгү абал канчалык кооптуу? – деген суроолорго саясат талдоочу Зайнидин Курманов жооп берди.

«Ар бир мамлекеттин өзгөчөлүгү бар, Казакстанда башаламандыктар газдан улам чыкса, бизде телефон тарифинен улам чыккан. Негизи эле баа көтөрүлгөндө ызы-чуу көп чыгып келет. Биздин өлкөнүн ички дүң продукциясы казактарга салыштырмалуу бир адамга өтө төмөн, мамлекетибиз кедей.

Азыркы маалда рыноктун шартында баалар кымбаттап жатат, бирок элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган өкмөт куруш керек. Өз кезинде убактылуу өкмөт эмнеге гана бааны көтөргөн жок, электр энергиясынын баасын 4-5 эсеге көтөрсө эл унчукпай отурбадыбы.

Укуктук, демократиялык мамлекетти түзөбүз деп жатып, бюрократиялык жана олигархтык мамлекетти тузүп алдык. Өкмөттөгүлөрдүн айлыгы чоң, көптөгөн адамдар мамлекетке иштебей эле өз чөнтөгүн толтуруп жатышат. Ал эми олигархтар өздөрүнүн башкы маселеси – баюуну чечип жатышат. Бизде 30 жыл ичинде олигархтык экономика жана бийлик орноп жөнөкөй эл каралбай калды. Казактар көптөгөн тармак боюнча алдыга кетип калганы менен элди унутуп калып, чаң-тополоң чыгып кетти.

Бизде эки-үч жыл сайын тополоңдор болуп бийлик алмашканы менен, элдин турмушу өзгөрбөй жатат. Кыргызстанга орто класс керек, бул класстагылар көбөйбөй кедейлер басымдуулук кылууда. Тилекке каршы чындык жок, жумуш жок жана маселе чечкен бир орган жок. Сотко барсаң, администрацияга барсаң акча сурайт, бардыгы каражаттын негизинде гана чечилип калган.

Казакстанда болгон окуялар жалаң эле бизге эмес жада калса Россияга да сабак болууда. Анткени аларда деле жыргаган жери жок, аларда да олигархтык экономика түптөлүп калып, жалпы экономикасын 10-15 олигарх ээлеп алып, айлык-маяна жана пенсиясы түшүп жатат. Демек, каалаган убакта коом жарылып кетиши мүмкүн.

Элди кыйнаган себептердин көбөйө беришинен улам коомдогу негизги “кыймылдаткыч” бузулуп, жарылып кетиши ыктымал. Ошондуктан саясатта реформаларды жүргүзүү кажет. Чыныгы, нукура партиялар керек, азыркылар элдин кызыкчылыгын эмес өз партия мүчөлөрүн коргой албай жатпайбы.

Социалдык маселени чече турган, жумуш орундарын түзө турган саясатты алып келгиле деп жатабыз. Кызматтарды жаштарга бериш керек, иштин көзүн билген жаштар Казакстанда эле эмес бизде да бар. Биринчи кезектеги керектүү азык-түлүктөргө да баа өскөндөн өсүп баратат, бул маселелерди чече турган өкмөттү табыш керек. Биринчи өкмөт иштей албаса экинчисин, экинчиси иштей албаса үчүнчүсүн шайлаш керек, аларды алмаштыргандан коркпош керек. Өз ишин жетиштүү даражада аткара албаган министрлерди да алмаштыруу зарыл”, – деп Зайнидин Курманов пикирин айтты.