БШК он бир талапкерди каттады. Тизме

2022-жылы 17-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлигин көрсөткөн 11 талапкерди каттады.

Бул тууралуу БШКнын сайтында жарыяланды.

Катталган талапкерлер:

Биринчи май шайлоо округу № 27:

  • Кермалиев Таалайбек Женишович;
  • Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна;
  • Бакиров Бакыт Жеентайович.

Свердлов шайлоо округу № 29:

  • Болотбеков Бакытбек Болотбекович;
  • Маматкулов Нурланбек Жолошович;
  • Алмамбетова Гуля Идиновна;
  • Муртазалиев Абдурахманхаджи Шамильевич;
  • Аспек уулу Азамат;
  • Саадабаев Бакыт Муратбекович;
  • Бакиров Бакыт Жеентайович;
  • Токтакунов Нурбек Акбарович;
  • Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич.