Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келиши мүмкүн

Мандатынан ажыратылган Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинде алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта Айдарова турат. Ал шайлоодо 548 добушка (партия ичинде 0.60 пайыз) ээ болгон.

Мыйзам боюнча квотанын негизинде аял депутат кетсе ордуна аял киши келиши шарт.

Белгилей кетсек, 20-январь күнү БШК Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутатын мандатынан ажыратты.