Ассоль Молдокматова турмушка чыгат

Белгилүү коомдук ишмер, телеалыпбаруучу Ассоль Молдокматова турмушка чыгат. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасында билдирди.

Молдокматованын эки уулу бар. Ал мурда спортчу Алмазбек Раимкуловго турмушка чыгып, ажырашып кеткен.

Болочок жолдошунун ысымы – Бекназар Жамангараев. Кесиби боюнча программист.

Ал Google, Apple, Motorola, Yahoo- компанияларында иштеген мыкты адис экени белгилүү.

Молдокматованын сүйүктүүсү да социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, “Мен жана сүйүктүүм Ассоль Молдокматова. Биз бактылуубуз, сүйүүгө, кыял-үмүттөргө толуп турабыз. Биздин сүйүүбүз баарын жеңет!”, — деп жазган.

MyCollages 43 Ассоль Молдокматова турмушка чыгат