Камактагы Орозайым Нарматованын абалы начарлады

Камактагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматованын абалы начарлады. Бул тууралуу маалымат анын Фейсбук баракчасына жарыяланды.

«Орозайым Нарматова ачкачылык жарыялаганына үч күн өтүп, 16- декабрь саат 14:00 чамасында эсин жоготуп жыгылган. Дарыгерлерди чакырышып дары берип, укол сайышкан. Анын ден соолугу кескин түрдө начарлап кеткен. Ачкачылык кармаган күндөн бери Орозайым Нарматова 4 килограммга арыктап кеткенин адвокаты айтып чыкты»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан. Алардын ичинен 19 киши соттун чечимине нааразы болуп ачкачылык жарыялашкан. Камактагы аялдар эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдогон.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде түшүндүргөн.