УКМК: Жалал-Абаддагы тоо-кен иштеткен жеке компанияларынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды

УКМК Жалал-Абад областы боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр-кен иштетүү жеке компанияларынын мыйзамсыз иштери аныкталды.

  Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүргүзүү учурунда КР жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Кадастр» МИ кызматкерлеринин көмөк иш-чараларынын негизинде, жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды.

  Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүү жеке компаниялар эч кандай иш-кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиондук аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен, ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген.
  Ошону менен бирге, жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар тарабынан өз ыктыяры менен 2 205 715 сом мамлекеттин эсебине кайтарылып, башка тоо-кен тармагындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюлду.
  Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда. 
86e11c94 a091 47a1 8f87 0bd10a8a9d05 УКМК: Жалал-Абаддагы тоо-кен иштеткен жеке компанияларынын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды