Жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылды

Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында бүгүн жаңы жылдык балатынын жарыктары жандырылып иш-чара уюштурулду. Бишкек шаарынын борбордук аянты Чүй простпектиси Эркиндик бульварынан баштап Панфилова көчөсүнө чейин, саат 18:00дөн баштап унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.


“Урматтуу шаарыбыздын тургундары жана борбордун коноктору!


Милициянын кайгуул кызматы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө туура түшүнүү менен кабыл алууларын суранабыз. Жол тыгындарын алдын алуу максатында, жол кыймылынын эрежелерин так сактап, жол эрежесин бузбоого чакырабыз”, – деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматында.