Жол коопсуздугунун алдыңкы кызматкерлери «2021-жылдын мыктысы» наамына татышты

2021-жыл ичинде ички иштер органдарынынын жана ЖКККББнын аброюн көтөрүүгө зор салымын кошуп, элибиздин коопсуздугу үчүн ак кызматын татыктуу аркалай алган алдыӊкы кызматкерлери «2021-жылдын мыктысы» наамына татышты.

Өзүнүн кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук жана жол кыймылынын коопсуздугун сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө зор салым кошкондугу үчүн, 2021-жылдын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү боюнча өткөзүлгөн «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жыйынтыгынын негизинде төмөнкү кызматкерлер мыкты наамына татыктуу болушту.

–      « Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын мыкты кызматкери», милициянын улук лейтенанты Душебаев Жылдызбек Насирович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын адистештирилген ротасынын улук инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын мыкты кызматкери», милициянын кенже сержанты Нурмухамедов Абай Исламович, Кыргыз Республикасын ИИМдин ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын полкунун 2-ротасынын 3-взводунун кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ШИИБы боюнча МККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Кадырбеков Омурзак Усонович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККБнын Ош ШИИБы боюнча МККБнүн батальонунун 2 –взводунун кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Чуй областык ИИББы боюнча ЖКККБнын мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Асанов  Азим Белекович,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Чүй ОИИББы боюнча ЖКККБнын Токмок ШИИБү боюнча ЖКККБнүн кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Бекболотов Алмаз Исманкулович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК взводунун кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Баткен областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Кошоков Шухратжон Эгамович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Кадамжай РИИБү боюнча ЖКККБнүн кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын старшинасы Абдырахманов Мойдунбек Абсаматович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн Жалал-Абад ШИИБү боюнча ЖККБнүн кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Нарын областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын старшинасы Мурзабеков Нурсултан Мурзабекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Нарын ОИИБы боюнча ЖКККБнүн  Кочкор РИИБү  боюнча ЖКККБнүн кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Талас областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын прапорщиги Асанбеков Ажибай Кыштообаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Талас ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору;

–        «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл областтык ИИБы боюнча ЖКККБнүн мыкты кызматкери», милициянын улук сержанты Акунов Амангелди Жолдошбекович, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнүн ЖКК саптык түзүмүнүн кенже инспектору.

ЖКККББнын жетекчилик курамы мыкты наамына арзыган кызматкерлерди куттуктоо менен бирге өз кызматына терең берилгендиги үчүн, мамлекеттин коопсуздугун, эл коопсуздугун, жол коопсуздугун өз өмүрүнөн бийик көрүп ак ниет менен кызмат кылгандыгы үчүн, жогорудагы кызматкерлерди ардак лентасы, грамотасы,вымпелы жана акчалай сыйлыктарды ыйгарышкан.

КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы