Жалпы суммасы 300 000 сомду түзгөн жүк кармалды, – Чек ара кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 19-январы Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт койгондугун маалымдайт.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Исмайрам жерлигинде кызмат өтөө учурунда Кыргызстандын  Б.Э., аттуу жаранынын башкаруусунда Hyundai-Porter автоунаасын аныкташып кармашкан.

Автоунааны текшерүү учурунда эч кандай тиешелүү иш-кагаздары жок күнүмдүк керектелүүчү 5 боо ар кандай кийим-кечелерди аныкташкан. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргызстандан Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылган. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда жүктүн жалпы суммасы 300 000 сомду түзгөн.

Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүктөр мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетентүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.