Эмил Жороев: Бийликтин обу жок кысымдары логикага жатпайт

Коңшу Казакстанда болуп өткөн башаламандыктардан жүздөгөн өмүр кыйылып, шаарлар талкаланды. Суюлтулган газга болгон баанын жогорулашы элдин нааразычылыгын жаратып, толкундоолорду баштаган эле.

Кыргызстанда да азык-түлүккө, күйүүчү майга болгон баа өсүп бара жаткандыктан, алдын ала кооптонуулар болбой койгон жок. Мына ушул себептерден улам өлкөдө толкундоолор болуп кетпейби деген BULAK.KG сайтынын суроосуна саясат талдоочу Эмил Жороев жооп берди.

«Азыр Кыргызстанда конкреттүү бир маселеден улам толкундоолор чыгып кетиши мүмкүн деп айтуу кыйын. 2010-жылдагы нааразылыктарга бензиндин баасы жана телефондун кошумча төлөмү түрткү болгон. Мындан башка да канчалаган себептер көбөйдү. Социалдык, экономикалык ар кандай көйгөйлүү маселелер калктын нааразычылыгын жарата бериши мүмкүн, бирок, чындап толкундоолорго түртүш үчүн кайсы бир тармакта кескин өзгөргөн шарт керек деп ойлойм.

Кыргызстанда буга чейин да туруктуулукту бузган саясий кескин аракеттер болуп келген. Айрыкча акыркы убактарда бийлик тарабынан оппозициялык мүнөздөгү топко обу жок кысым көрсөтүп, куугунтук болуп жатканын көрүүдөбүз. Мындай көрүнүштөр коом арасында чок таштап, башаламандыктардын башталышына түрткү болушу ыктымал”.

14-январдан бери бир нече жолу суракка чакырылып чек ара маселеси боюнча күбө катары көрсөтмөлөрдү берип жаткан Адахан Мадумаров камалса окуя кандай өнүгүшү мүмкүн экендигин да кошумчалады.

“Эгер Мадумаров камала турган болсо, анын тарапташтары толкуп чыгышы толук ыктымал, андан ары ал күчөп, алоолонуп кетиши мүмкүнбү айтуу өтө кыйын. Бирок саясий өңүттөн атаандаштарга каршы мыйзамды колдоно берсе, терс көрүнүштөрдүн потенциалы күчөй берет.

Экономикалык кризис жок деп жатканыбыз менен, карапайым эл жон териси менен аны сезип жатканы талашсыз. Демек, бийлик жок жерден нааразылыкка түртчү шарттарды көбөйтө берүүсү логикага жатпайт деп эсептейм”, – деп белгиледи.

Саясат талдоочу элдин толкуп чыгышы жалгыз эле жаз мезгилине байланыштуу эмес экенин, мындай сөздөр Кыргызстандын башынан өткөн окуялардан кийин эле чыгып жатканын жана жөн гана дал келүү экенин айтты. Казакстандагы тополоң, башаламандык кышында болгонун баса белгиледи.