Автоунаа айдап качкан 41 жаштагы жаран кармалды

Кадамжай районунун Халмион айылынын 41 жаштагы тургуну өзүнүн айдап жүргөн “Деу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасын Халмион айылындагы “Баяман-Баатыр” базарына токтотуп койгон жеринен уурдатып жибергендигин билдирип арыз менен кайрылган.


Бул арыз Кадамжай РИИБнин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 211-беренеси (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштаган.


Кылмыштын изи сууй электе Халмион айылдык милиция бөлмчөсүнүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан Халмион айыл аймагынын 41 жаштагы К.Э. аттуу жергиликтүү тургуну автоунааны үйүнө токтотуп койгон жеринен аныкталып кармалды.
Азыркы күндө “Деу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаа өз ээсине кайтарылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Тергөө иштери уланууда.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы