Ысык-Көлдө акимдерге жаңы 5 кызматтык автоунаалар берилди 

Ысык-Көл облусунда мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге жаңы кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Автоунаалардын ачкычын район жетекчилерине президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов тапшырды.

Белгилей кетсек, президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн 2023-жылы чыгарылган Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 автоунаа сатылып алынган, анын ичинен 5 автоунаа Ысык-Көл облусундагы акимдерге берилди.