Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө автоунаа тапшырылды

Кадамжай РИИБдин “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө Айдаркен шаарынын тургуну “DESTE Official” ютуб каналынын жетекчиси, жеке ишкер Калматова Гүлдесте кызматтык колдонуу үчүн ВАЗ2107 үлгүсүндөгү автоунаа тапшырды.


Жеке ишкер Калматова Гүлдесте Айдаркен шаар аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу, так аткаргандыгына ыраазы экендигин белгиледи. Кадамжай РИИБдин жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкерге ыраазычылык каты тапшырылды.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 10.29.12 Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө автоунаа тапшырылды


Тоолуу аймакта жайгашкан “Р.Нийматов” атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү Бирлик, Алга айыл аймактарын башкача айтканда, 27500 калктын коопсуздугун тейлейт.

WhatsApp Image 2022 06 16 at 10.29.11 1 Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө автоунаа тапшырылды