Баткендеги окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди

Баткен шаарындагы жакшы саамалык тууралуу облустук милициядан билдиришти.

“Leasing express” компаниясынын демөөрчүлүгү жана ЖКККББнын жетекчилигинин жардамы менен атайын жарык чагылдыруучу тасмалар Баткен шаарындагы окуучуларга таратылып берилди.

Азыркы учурда таң эрте жана кеч курун караңгы болгондуктан, ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам айдоочулар үчүн тоскоолдуктар жаралып жатканын эске алуу менен мектепке бара жаткан жана мектептен кайткан учурда окуучулар жол кырсыгына кабылбашы үчүн жарык чагылдыруучу атайын каражаттар мектеп окуучуларына таратылып берилди. Бул жарык чагылдыруучу каражаттар окуучулар жолдон өтүү учурунда айдоочуга 50-100метр аралыкта көрүнөт.

WhatsApp Image 2022 12 13 at 07.58.53 1 Баткендеги окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди
WhatsApp Image 2022 12 13 at 07.58.53 2 Баткендеги окуучуларга атайын жарык чагылдыруучу тасмалар таратылып берилди

Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы