Түркияда 12 миллиард долларлык мунай табылды

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Түркиянын түштүк-чыгышында 12 миллиард долларга бааланган 150 миллион баррел таза мунай кору бар кен табылганын жарыялады. Бул тууралуу “Прайм” басылмасы билдирди.

Мунай кени Ширнак провинциясындагы Габар тоосунун аймагында табылган.

“Бул 2022-жылы жээкте табылган эң чоң он кендин бири”, – деген Эрдоган.

Анын айтымында, запастардын баасы болжол менен 12 миллиард долларга бааланууда. Анкара 2023-жылы Түркиянын жүз жылдыгына карата табылган мунайдын күнүмдүк өндүрүшүн 100 миң баррелге жеткирүүнү максат кылууда.

Учурда республикада көп сандагы сейсмикалык изилдөөлөр, бургулоо иштери жүргүзүлүп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуунун ыкмалары активдүү колдонулууда