Садыр Жапаров “КРнын президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту” деген Жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «КРнын президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бул Жарлык менен президенттин жарлыктарынын тиешеси жок же мыйзам актыларынын жоболоруна карама-каршы келген бир катар жарлыктары күчүн жоготту деп таанылат.

Мындан сырткары, Жапаров кол койгон текемеге ылайык КРнын президентинин 269 тескемеси күчүн жоготту деп таанылат.

Бул чаралар бюрократизмден арылуу жана тез арада чечимдерди кабыл алууга тоскоолдук кылган кайталанган, эскирген ченемдик укуктук актыларды аныктоо үчүн ченемдик укуктук актыларды масштабдуу инвентаризациялоонун алкагында кабыл алынган.

Мындан тышкары, бул Жарлыкка жана тескемеге кол коюу Кыргызстанда бизнес үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.