
Нарын ОИИБ: Нарында жол коопсуздугу жана жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери уланууда
Нарын шаарындагы каттаган троллейбустарга жана шаар ичиндеги каттаган маршруттук микроавтобустарга жол эрежелерин туура сактоо боюнча эскертүү баракчалары берилип, жол эрежелерин туура сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан жер-жерлерде алыскы каттамга каттаган айдоочулар менен жеринде жолугушуп, ылдамдыкты, жол эрежелерин туура сактоого чакырып, профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.
Мындан тышкары окуу жылы башталгандыктан ар бир мектепке бөлүнгөн кызматкерлер мектеп окуучуларына жол эрежелерин түшүндүрүү жана жол белгилерин так билүүгө үйрөтүү менен
ар бир билим берүүчү мектептерде лекциялар окулуп, жол коопсуздугун алдын алуу максатында профилактикалык иштер уланууда.


Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы









