Бул тууралуу Жогорку кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Министр, өлкөдө вакцинанын жети түрү сайылып, 5,5 миллион вакцина алынып келингенин жалпысынан тартыштык жок экенин айтты.
“Бир суткада 500-900 адам ооруп, 2, 3 жаран каза болууда. Өлкө аймагындагы 6 миң 403 адамдын ичинен 1 миң 20сы стационарда дарыланып жатат”, — деди ал.
Бейшеналиев калктын 70% вакцина алганда, карантин чаралары сакталганда ооруга байланыштуу кооптуу абал жоюларын баса белгиледи.