ЖАМУда сессияларды тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова Орусияда болгон

Жалал-Абад мамлекеттик университети Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын диплом маселеси боюнча комментарий берди.

Окуу жайдын басма сөз катчысы Талгат Абдрахмановдун маалыматында, Нарматова 2013-2017-жылдар аралыгында Филология факультетинин журналистика адистигин аяктап, жогорку билимди тастыктаган документке ээ болгон.

«Өзүңүздөр билгендей азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондуктан калган башка маалыматтарды тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айта албайбыз»,-деген ал.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматова 14-январда Улуттук коопсуздук комитетине суракка чакырылган. Мекеме ал Жалал-Абад мамлекеттик университетинен алган дипломуна байланыштуу чакырылганын билдирген. Ошол эле күнү атайын кызмат Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.

УКМК Нарматованын 2013-жылы орто кесиптик билими жөнүндө дипломунун негизинде дароо 3-курска «мыйзамсыз кабыл алынганы тууралуу» маалыматты парламенттик шайлоо учурунда алганын билдирген. Мындан тышкары, атайын кызматка «Орозайым Нарматова ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берген ыктымалдыгы тууралуу да» белгилүү болгон.

«Тергөө учурунда ЖАМУда сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова Орусиянын аймагында болгону аныкталды. Демек, Орозайым Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Бул иш ушул боюнча токтоп калбастан УКМК Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматовду кызынын диплом маселеси боюнча суракка чакырган.

Депутат өзү дипломуна байланыштуу тергөө адилеттүү жүрөрүнө ишене албасын билдирген. Ал шайлоого эки жолу катышканын, документтеринин баары БШКнын текшерүүсүнөн өткөнүн белгилеген. Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы каралоо аракети болгонун айткан.