Өлкөдө коронавирус менен 6 миң 403 адам ооруп жатат, – министр

Бул тууралуу Жогорку кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Министр, өлкөдө вакцинанын жети түрү сайылып, 5,5 миллион вакцина алынып келингенин жалпысынан  тартыштык жок экенин айтты.

“Бир суткада 500-900 адам ооруп, 2, 3 жаран каза болууда. Өлкө аймагындагы 6 миң 403 адамдын ичинен 1 миң 20сы стационарда дарыланып жатат”, — деди ал.

Бейшеналиев калктын 70% вакцина алганда, карантин чаралары сакталганда ооруга байланыштуу кооптуу абал жоюларын баса белгиледи.