“Шыпаакана”: Нуржигит Кадырбеков оорукананын аталышын өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков оорукананын аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.Анын айтымында, оорукана деген сөздө “оору” деген түшүнүк калыптанган.

“Оорукананын аталышын “шыпаакана” деп өзгөртүүнү сунуштайм. Анткени оорукана деген сөздө “оору” деген түшүнүк калыптанган. Ал эми “шыпаа” деген сөздө айыгуу деген сөздүн энергиясы бар”,- деди Кадырбеков.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукана деген сөз элдин тилине ыңгайлашып калганын билдирип, Кадырбековдун сунушун карап чыга турганын кошумчалады.