ОСАГОну киргизүү мөөнөтүн жылдырууну депутаттар сунушташты

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар ОСАГО тууралуу мыйзамын ишке киргизүүнүн мөөнөтүн жылдырууну сунушташты.

Жыйында депутат Дастан Бекешев ОСАГО мыйзамы тууралуу маселени көтөрүп, унаа ээлери 1-апрелге чейин камсыздандыруудан өтүүгө милдеттүү экенин, бирок баары үлгүрбөй каларын белгиледи. Ага байланыштуу мыйзамды жылдырып туруу керектигин айтты.

«Камсыздандыруу боюнча көп кайрылуу болуп жатат. Эки ай гана калды, 1-апрелден баштап күчүнө кирет. Камсыздандыруу керек, бардык өнүккөн өлкөлөрдө бар. Бирок мындай ыргак менен кетсе, эч ким жетишпей калат. Күн сайын 10 миң унаа камсыздандыруудан өтүшү керек болот. Камсыздандыруучу компаниялар, айдоочулар даяр эмес. Жайга, күзгө чейин, болбосо келерки жылдын 1-январына чейин жылдыруу зарыл. Көбү жетишпей калып, айып пул төлөп калат», — деди ал.

Андан кийин кесиптешинин сөзүн улап депутат Нуржигит Кадырбеков да ОСАГОну жылдыруу же камсыздандырууну ыктыярдуу түрдө кылуу керектигин айтты.