“Кыргыз Темир жолу” сатып алган 100 вагондун дагы 10 даанасы келди

“Кыргыз Темир жолу” сатып алган 100 вагондун 10 даанасы жыл аягында келген.

Бүгүн дагы 10 даанасын кабыл алдык. Февраль айынын ичинде дагы 30 даанасы келет.

Калганы кезеги менен буюрса жакынкы аралыкта толугу менен жеткирилип, кызмат көрсөтүп баштайт. Ишкананын тарыхында өзүнүн каражаты менен биринчи жолу жүк ташуучу жарым вагондорду сатып алды.

Бул гана эмес “Кыргыз Темир жолу” УК МИ” киреше жагынан дагы эң мыкты көрсөткүчтөр менен жылды жыйынтыктап, ишкананын буга чейинки 3 жылдык карызын дагы жапты.