Орок конушундагы жайнаган курт-кумурскалар кооптуу эмес, – мэрия

Орок конушунда пайда болгон курт-кумурскалардын зыяны жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ интернет айдыңында тараган Орок конушундагы жайнаган курт-кумурскалар көпчүлүктү кооптондурган. Буга ылайык «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын энтомологдору иш жүргүзүп, курт-кумурскалардын зыянсыздыгын аныкташты.

«Бул жаныбарлар жазында чыгышат. Кыш жылуу болгондуктан мөөнөтүнөн мурда личинкалар ойгонуп, сыртка чыга башташкан. Алар чөп менен азыктанышат жана шаарда да кездешет.

Энтомологдор белгилегендей, бул бир жолку көрүнүш, абанын температурасынын төмөндөшү менен курт-кумурскалар жок болот. Ишкананын адистери видеонун автору менен байланышышты. Бүгүн жерине барып, курт-кумурскалардын келип чыгышын так аныкташат», — деп берилет маалыматта.