Сурак уланат: Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага сурак беришти

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев Башкы прокуратурага сурак беришти.

Мадумаровдун сурагы түштөн кийин кайра уланат.

Мадумаров 17-январда ортодо тыныгуу менен бир күн кечке сурак берген. Ал 14-январда дагы суракта болгон. Масалиев өз каалоосу менен сурак бергени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары сурак берип жатат.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атады.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол “кедергисин тийгизип жатканын” билдирген.

Мадумаров Жапаровдун айткандарына кошулбай, тескерисинче ал айткандарына жооп бере турган күн келет деп коркутту. Ошондой эле ал Жапаровду сабатсыз жана анын деңгээлине түшпөй тургандыгын билдирген.