Ката жазылган такта алынды

Социалдык тармактарда мамлекеттик мекемедеги ката жазуу талкуу жараткандан кийин такыр эле алынып салынды.

Анда Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборундагы тактада бир нече грамматикалык ката кеткенин көрүүгө болот.

Буга чейин аны жаап, кайра башканы коюуу аракети болгон.

Аталган сүрөт качан тартылганы белгисиз. Министрлик бул маалымат боюнча комментарий бере элек.