Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык ишканалар үчүн атайын техника жана жабдууларды сатып алды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Атайын техникаларды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

«Белгилей кетсек, борбор калаага жалпысынан 76 атайын техника алынып келинсе, анын 61и техника, 16сы жабдуу. Мындан тышкары «Бишкексуучарба» ишканасына дагы бир атайын техника келүүсү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Атайын техникалар «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба», «Бишкекжарык», «Бишкекшаарлифт», «Бишкекасфальтсервис», «Тазалык», ошондой эле «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканалары үчүн алынган.

Алынган «жаңы техникалардын» арасында дөңгөлөктүү экскаватор, кран-манипулятор, автомунара, таштанды ташуучу унаа, сугаруучу унаа, тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү инсинератор жана башкалар бар.

363336689 654427230066468 3191314622464171622 n Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди
363299079 654426910066500 8793492919487138311 n Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди
362995989 654426863399838 6128231879872455075 n Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди
361228849 654426996733158 8003045826409721981 n Бишкекке 70тен ашык атайын техника алып келинди