Министрликтин тактасындагы ката талкуу жаратты

Социалдык тармактарда мамлекеттик мекемедеги ката жазуу талкуу жаратты.

Анда Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборундагы тактада бир нече грамматикалык ката кеткенин көрүүгө болот.

Аталган сүрөт качан тартылганы белгисиз. Министрлик бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

MyCollages 40 Министрликтин тактасындагы ката талкуу жаратты

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борборунда илинип турган жазуу ката жазылганы айтылып талкууга алынган.

Көп өтпөй белгисиз жаран жазууну жаап жаткан сүрөттөрү да тарады.

Мындан улам министрлик катаны оңдоонун мындай жолун тапканына интернет колдонуучулары ар кандай пикир билдиришүүдө.