Аскар Акаев мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады, – Жапаров

«ВБ» редакциясы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен маектешти. Мамлекет башчысы учурда маанилүү болуп жаткан бир катар суроолорго жооп берди. анын ичинде Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев тууралуу да суроо жаралды.

— «Кумтөрдүн» тагдыры элдин баарына кызык болуп жатат. Бул маселени кандай чечип жатасыздар?

— «Кумтөр» боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесстери жүрүп жатат. Буюрса жазга чейин бүтөбүз. «Кумтөр» бизге өткөнү анык. Бул маселеде Аскар Акаевичтин эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы болду. Кыскасы Аскар Акаевич мурда эл алдында кетирген каталарын толук актады десек болот. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир этти. Кийин ийне-жибине чейин айтып берем. Азыр болбойт. Баары бүтсүн, бүткөндөн кийин кенен сөз кылабыз, чыдап тургула.