“Кыргызалтындын” төрагасы кызматтан алынды

“Кыргыз алтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кызматынан алынды.

Ал эми “Кыргызалтын” ААКтын башкармалыгынын басма сөз катчысы Канышай Рыспекова бул тууралуу расмий маалымат эртең чыгарын билдирди. 

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 2-сентябрында, “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун (ААК) курамы толугу менен алмашылып, Элдияр Калдарбеков төрага болуп дайындалган.

Ага чейин “Кыргызалтын” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов болгон.