«Бакиевдин жубайынын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду» деген маалымат жалган

Социалдык тармакта “самолет менен Минскиден келе жаткан Назгүл Төлөмүшеванын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Маалыматта белгиленген Назгүл Төлөмүшеванын сөөгү менен учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен.

Ошону менен бирге, жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырабыз»,-деп жазган Султанбаев.

WhatsApp Image 2023 01 18 at 16.18.11 «Бакиевдин жубайынын сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду» деген маалымат жалган