Мадумаров Масалиевди колдоп, Бишкекке өзгөчө кырдаал киргизүү сунушун колдоду

18-январдагы жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров борбор шаарды түтүн каптап жатканына байланыштуу эл өкүлү Исхак Масалиевдин өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу сунушуна маани берип, көңүл бурууну сунуштады.

Ал Жогорку Кеңештин жыйындар залынын ичиндеги абанын кирдигинен улам, дем алуу мүмкүн болбой турганын айтты.

Мындан сырткары абанын булганычы нормасынан 600 эсе жогору экендигин кошумчалады.