Жапаров Майлуу-Сууга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна келип, дароо Майлуу-Суу шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

63c7c08b2b36a  Жапаров Майлуу-Сууга барды

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин башчысы суу менен камсыздоодогу авариянын жагдайларын тыкыр иликтөөнү тапшырды.

Акылбек Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды. Андан ары министрлер кабинетинин башчысы жылуулук жок батирлерди кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

«Жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезек менен ар бир үйгө жеткирилип жатат.

Кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат жана дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат», — деп баса белгилеген Акылбек Жапаров оңдоо иштерине бюджеттен 20 миллион сом бөлүнөрүн кошумчалады.

63c7c08b2199d  Жапаров Майлуу-Сууга барды
63c7c08ca3688  Жапаров Майлуу-Сууга барды
63c7c08c7818c  Жапаров Майлуу-Сууга барды