Кемпир-Абад иши: Камактагы активисттердин ишине “жашыруун” макамы берилген

Бул тууралуу аталган иште айыпталуучу катары кармалгандардын бири саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди.

Жактоочунун айтымында, тергөө тобунун башчысы ишке жашыруун деген макам берилгенин жарыялаган, бирок токтом жактоочуларга бериле элек.

Ал эми ишти тергеп жаткан ички иштер органдары азырынча бул тууралуу комментарий берише элек.

Эске салсак, 2022-жылы“Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн.

Андан кийин отузга жакын саясатчы, блогер, активист жана укук коргоочунун үйлөрү тинтилип, өздөрү камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

ИИМ кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.