Динара Кутманова кызматтан бошотулду

Динара Кутманова жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

“Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Кутманова Динара Асиевна ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.