УКМК: Электрондук күндөлүк программасынын негиздөөчүсү кармалды

Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан санариптештирүүнү орто билим берүү мекемелерине жана аларга тиешелүү жеке ишканаларда киргизүүдө пайда болгон коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2023-жылдын 13-мартында окуучулардын жетишкендиктерин көзөмөлдөөчү программанын негиздөөчүсү Б.С.А. өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу жана алдамчылык фактысы боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат.
Бул программалык камсыздоонун башкы директору жана негиздөөчүсү материалдык жактан байуу максатында, кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу менен кош бухгалтерияны колдонуп, алынган кирешелер тууралуу жалган маалыматтарды берүү менен салыктарды төлөөдөн качкандыгы, натыйжада мамлекеттик бюджетке жылына 19 миллион сомдон ашык салык төлөмдөрү (КНС, СС) түшпөй калганы, жана ошондой эле ишенимге кирип, биргелешкен иштин кирешесинен түшкөн дивиденддерди убада кылып, алдоо жолу менен тең уюштуруучулардын акча каражаттарын өздөштүрүп алганы аныкталды.
Учурда бул окуяга тиешеси бар бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.