Дастан Бекешев тургундун үйүнө милиция өзү тапанча алып келип кармаганын айтып чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарынын тургуну милиция кызматкерлери «подстава» кылып кармаганын айтып чыкты.

Анын айтымында, жакында эле ИИМдин басма сөз кызматы, Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн ок атуучу курал табылганы тууралуу маалымат тараткан (7,62 калибрдеги ТТ үлгүсүндөгү тапанча, эки магазин жана 44 ок).

Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери тапанчаны өздөрү алып келген. Ал видеотасмада көрүнүп турат. Милиция кызматкерлери аны (видеотасманы) таба алган эмес. Батирге кирип келердин алдында милиция кызматкерлери электр энергиясын өчүрүп, бардык камераларды издеп, тинтүү аяктагандан кийин видеожазууларды баарын алып кеткен. Милиция кызматкерлеринин «подставасынын» башка далилдери бар. Алар жабырлануучунун туугандары тарабынан тергөө жана башка иштердин жүрүшүндө берилет. Аталган тапанчаны милициянын кызматкерлери өздөрү тапкан, ал башка иш боюнча далил зат катары сакталып турган», — деп жазды ал.

image 10 5 Дастан Бекешев тургундун үйүнө милиция өзү тапанча алып келип кармаганын айтып чыкты