Акбөкөн Таштанбеков абактан бошотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүлүп, абактан чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жасынова билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-январда Бишкектин Свердлов райондук соту чечими менен Таштанбековдун баш коргоо чарасы өзгортүлүп, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.