Алмазбек Атамбаев: Мен өз атымды сактап калдым

Экс-президент Алмазбек Атамбаев журналисттерге жыйын өткөрдү.

Анда ал бир катар суроолорго жооп берди. Атамбаев ушул таптагы бийликке кадрларды өзгөртүүнү сунуштады.

“Мен карапайым кыргыз элиме ыраазымын. Баарына ыраазымын. Кудайга ырахмат. Азыр ырдаганга болсо болмок, бирок ден соолугум начар. 3 жыл 6 ай абакта жаттым. Жакындарың болсо жакшы. Үйүң болгон андан да жакшы. Журналисттерге да абдан ыраазымын. Дача-Су боюнча мени каралаган журналисттерге да ыраазымын. Өлкөдө сөз эркиндиги болуш керек.

Түрмө адамды өзгөртөт. Досторуң ким экенин билесиң. Кудай баарын өз ордуна коет, калганы майда нерселер. Мен тактан кеткендерден кийин, мурдагы президенттерди айдап чыкса, мени эл колдоду, Тууган-туушканды унутуш керек, элди ойлош керек. Таза иштөө керек. Кудайга рахмат. Абактан чыктым, баарына ыраазымын.

Мен чалажан болгум келбейт. Кышында кар жаап жатканда ич кийим менен чыгарышып, омурткама суук тийиптир, эгер оперция болсо, кылдыруу керек. Бүгүн да Испаниянын элчиси чалып, чакырышты. Албетте, абдан ыраазымын. социнтернге абдан ыраазымын. Мен кайра келем, адамдар ойлобосун, мен айыгып кайра келем.

Сооронбай Жээнбеков менен кайра достошууга барбайм. Жөнөкөй адамдарга рахматымды айтышым керек. Мен документтеримди Курсан Асановго берсем, алар бриллиант издешкен. Матрастарды кыркып, дубалдарды тешип текшерип, эмне кылышкан жок. Мен өз атымды сактадым. Эгерде абактагылар бири-бирине: “сен Сокеге окшошсуң дешсе, алар таарынышат”. Мен өзүмдү эч качан күнөөлүү деп сезбейм. Бизде адамдар өтө ишенчээк, Атамбаевди жамандашса, ишене беришет. Мен салган мечет да менин участкамда турат, мен өтө бай адаммын. Чүйлүктөргө ыраазымын, алар Сеид Атамбаевди депутат кылып тандашты. Бишкектиктер ишенип, Кадыр Атамбаевге өз добуштарын беришти”,- деди Атамбаев.

-7-8-октябрдагы окуяларда жабыр тарткандарга жардам бергим келет, алардын бирөөсү каза болду. Эртеби-кечпи баары билинет, – деди Алмазбек Атамбаев

Эске салсак, бүгүн, 14-февралда, Жогорку Сот адвокат Замир Жоошев менен Сергей Слесаревдин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин кылмыш ишин кайра кароо боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Чечим даттанууга жатпайт.

Ага ылайык, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш кайрадан кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Атамбаев Молдовановкадагы абакта ушул иш боюнча кармалып турган. Чечим жокко чыгарылганына байланыштуу мурдагы президент эркиндикке чыкты.