Таажы вирусун жуктуруп алган 141 бейтап оор абалда

Өлкөдөгү стационарларда 475 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:

– 12 (2,5%) адам канааттандырарлык абалда;

– 291 (61,2%) адам орто оор абалда;

– 141 (29,6%) адам оор абалда;

– 31 (6,5%) адам өтө оор абалда.

Андан тышкары 815 адам өз үйүндө дарыланууда.