Бишкекте лифтке эркек киши кыпчылып калып, каза тапты

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу Улан-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн лифтине эркек киши кыпчылып калып, каза тапты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, 38 жаштагы А. К. аттуу жаран коляскадагы баласы менен лифтке кирип жаткан учурда, лифт белгисиз себептерден улам өз алдынча иштеп кеткен.

MyCollages 6 Бишкекте лифтке эркек киши кыпчылып калып, каза тапты
1294368.ddd1ba7110cb694bbfb80516c326d15d Бишкекте лифтке эркек киши кыпчылып калып, каза тапты

Ымыркай жабыркаган жок.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.