Түркияда экинчи ирет жер силкинди, 1200дөн ашуун адам көз жумду

Түркия менен Сириядагы жер титирөө 1200дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоганга шилтеме берүү менен «Коммерсантъ» билдирди.

Анын айтымында, бул 1939-жылдан берки республикадагы эң ири жер титирөө. Сирияда каза болгондордун саны 326га жетип, 1 миң 42ден ашууну жарадар болгонун жергиликтүү Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген.

Режеп Тайып Эрдоган куткаруу иштерин координациялоо үчүн түзүлгөн командалык борбордон кайрылуу жасады. Анын айтымында, жер титирөөнүн кесепетинен 2818 имарат урап калган. 2 миң 470 адамды сактап калууга жетишкен.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган.

Ал эми экинчи жер силкинүү Бишкек убактысы боюнча саат 16:24тө болгон.