“Карбамид, алкоголдук ичимдиктер, кондитердик азыктар”: Аткезчилик жүк кармалды

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-февралында республиканын аймагында контрабандага бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы КР УКМКнын чек ара кызматы  менен биргеликте жеке адамдардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлганы айтылды.

"Алсак, Лейлек районунун Борбордук айылында жайгашкан кампадан «Дэу Лабо» үлгүсүндөгү унаага контрабандалык жүктү жүктөө учурунда (36 мүшөк карбамид минералдык жер семирткич, 130 куту алкоголдук ичимдиктер жана 300 куту кондитердик азыктар) кармалган. 
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде андан ары чечим кабыл алуу үчүн жүктөрдү компетенттүү органдарга (бажы жана салык кызматтарына) өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2023 02 06 at 15.28.15 "Карбамид, алкоголдук ичимдиктер, кондитердик азыктар": Аткезчилик жүк кармалды
WhatsApp Image 2023 02 06 at 15.28.14 "Карбамид, алкоголдук ичимдиктер, кондитердик азыктар": Аткезчилик жүк кармалды